Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:11

Сириядагы барымтадан 11 ирандык бошотулду


Сирияда уурдалган ирандык 11 киши бошотулду, бирок дагы 18и барымтада кала берүүдө. Бул тууралуу билдирген Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Хосейн Амир Абдолахиян алар кандай шартта койо берилгенин ачыктоодон баш тартты. Анын айтымында, барымтачылар Сирия президенти Башар Асаддын режимине колдоо көрсөтүп келаткан Тегеранга кысым жасоону көздөшкөн. Иран Дамасктын региондогу жакын жана кубаттуу шериктеринин бири. Тегеран Сириянын ички иштерине кийлигишип жатат жана антиөкмөттүк чыгууларды басууга жардам берүүдө деген дооматтарды четке кагууда.

XS
SM
MD
LG