Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Чехияда президентти мындан ары эл шайлайт


Чехия парламенти тикелей президенттик шайлоого өтүү сунушун колдоду. Конституцияга өзгөртүү киргизилгенден кийин эми мамлекет башчыны депутаттар эмес, эл шайламакчы. Кечээ Сенаттын басымдуу көпчүлүгү буга чейин төмөнкү палата жактырган долбоорду колдоп беришти. Болочок президент эки айлампалуу добуш берүү системасына ылайык, беш жылдык мөөнөткө шайланмакчы. Биринчи турда бир да талапкер 50 проценттен ашык добуш ала албаса, экинчисине эң көп добуш алган эки талапкер чыгат. Эмки шайлоо Вацлав Клаустун экинчи мөөнөтү аяктаганда - 2013-жылы өтмөкчү. Чехия – парламенттик жумурият жана президенттик орун көпчүлүк учурда символикалык мааниге ээ.

XS
SM
MD
LG