Жаза аткаруу кызматы январ ичинде абактарда жүргүзүлгөн тинтүүнүн жыйынтыктарын жарыялады. Баардык түрмөлөрдө, тергөө абактарында жалпысынан 60 тинтүү жүргүзүлгөн. 45 290 сом, 1 200 доллар, 400 граммдан ашык маңзат, 512 бычак, тилүүчү буюм, 67 литр ичкилик жана 153 уюлдук телефон алынды. Абактардагы тинтүүгө каршы чыккан 6 миңден ашуун камалуучу он күндөй ачкачылык акциясын өткөргөн. Жаза аткаруу кызматынын жетекчилиги алардын талаптары орундалбай турганын, абактардагы тазалоо, тартип орнотуу иштери улана берээрин билдирген. (RK)