Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:29

Уулуу көмүр боюнча парламенттик комиссия түзүлдү


Кыргызстанга Казакстандан уулуу көмүрдүн ташылып келиши, анын өлкөнүн экологиялык коопсуздугуна таасири боюнча маселени атайын түзүлгөн парламенттик комиссия изилдемей болду. Мындай чечим кечээ Жогорку Кеңештин ушул маселеге арналган талкуусунун жыйынтыгында кабыл алынды. Комиссияга ар бир фракциядан экиден депутат кирди. Ал өз ишинин жыйынтыгын эки жуманын ичинде бүтүрүп, чечимин жалпы жыйында жарыялашы керек. Былтыр сентябрда казак Кулан кенинен Бишкекке жана Чүйгө алынып келген көмүрдүн радиациялык фону нормадан 8-10 эсе жогору экени аныкталган. Анын бир нече тоннасы Чүйдүн мектептеринде жана карылар үйүндө жагылып кеткени маалым болду. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG