Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:46

Жалал-Абадда курултай жөнүндө мыйзам долбоор талкууланууда


Бүгүн Жалал-Абадда "Элдик курултай жөнүндө" мыйзам долбоору талкууланып жатат. Иш-чарага үч жүздөй киши катышууда. Талкуунун уюштуруучуларынын бири, "Элдик курултай" кыймылынын маалымат катчысы Кубатбек Осмоновдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, мындай иш-чара жакында Караколдо, Кочкордо жана Нарында өттү.

Элдик курултайды Баш мыйзамга киргизүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган. Экинчи окууга чейин коомдук талкуудан өтүшү керек.

"Элдик курултай" уюмунун түзүлгөнүнө эки жыл болду. Анын курамында 35 коомдук-саясый бирикме бар. Уюм талкуунун катышуучуларына элдик курултай боюнча өзү иштеп чыккан мыйзам долбоорун да сунуштап жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG