Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Ош: Июнда жабыркаган ишкерлер митингге чыгышты


Бүгүн Ошто 80ге жакын киши катышкан митинг өттү. Аны 2010-жылдын июнунда жабыркаган ишкерлер уюштурганын кабарчыбыз маалымдайт. Ишкер Махсуза Салиеванын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, 50 миң сомдон компенсация 1200 жабыркаган ишкерге берилмей болду, бирок ошол эле тизмедеги дагы 776 кишиге акчалай жардам берүүдөн өкмөт баш тартууда. Бүгүнкү митингдин катышуучулары мунун себебин түшүндүрүп берүүнү жергиликтүү бийликтен талап кылышты. Эгер талап 1-2 күндө аткарылбаса, мөөнөтсүз митинг уюштурмай болушууда. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG