Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:41

Сириянын Хомс шаарында кыргын дале токтой элек


Бийликтер “негизги коопсуздук операциясы” деп атаган чабуул Хомс шаарында дале улантылып жатканын, дагы 31 адам окко учканын оппозиция кабарлады. Сириянын өкмөтү журналисттерди ал жакка киргизбей жатышкандыктан, бүгүн өлдү делгендердин так санын аныктоого мүмкүн болбой жатат. Айрым кабарларда бүгүн шаардын бир топ райондорунда ракета атылганы, минометтон чабуулдар жасалганы көрүндү.

Хомс – Сирияда 11 айдан бери президент Башар ал-Асадга каршы уланып келаткан каршылыктын чордонуна айланган шаар. Бир млн.дой тургуну бар бул шаарга 4-февралда “террористтерди жоготуп, коопсуздукту калыбына кетиребиз” деп, өкмөттүк танкалар киргизилген.

Кечээ Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча мекемесинин башчысы Нави Пиллай Сириядагы окуяларды “массалык кыргын” деп атап, карапайым элди коргош үчүн эл аралык коомчулукту чечкиндүү чараларга чакырган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG