Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:17

Өкмөт жергиликтүү бюджетке орчундуу колдоо көрсөтөт


Быйыл өкмөт тарабынан жергиликтүү бюджетке орчундуу колдоо көрсөтүлөт. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Өмүрбек Бабанов райондордун жаңы шайланган акимдери менен жолугушуусунда айтты.

Өкмөт башчысынын билдиргенине караганда, эгерде мурда республикалык маанидеги шаарлардын бюджетине түшкөн кирешенин 35 пайызы калса, эми 50 пайызы калат. Райондук маанидеги шаарлардын бюджетине жалпы кирешенин 30 пайызы гана калса, эми 40 пайызы кала турган болот. Ал эми айыл өкмөттөрүнө түшкөн кирешеден мурун эч кандай каражат калтырылбаса, эми кирешенин 10 пайызы кала турган болот. (BK/RK)

XS
SM
MD
LG