Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Грецияда саясий жетекчилик чыгымды кыскартыш боюнча орток пикирди тапты


Грециянын башкаруучу коалициясына кирген партиялардын лидерлери өлкөгө 130 млрд.евро жардамды алыш үчүн өткөрүлүшү зарыл болгон реформалар боюнча макулдашууга келишти. Бул тууралуу бүгүн Франкфуртта Европа Борбордук банкынын президенти Марио Драги кабарлады.

Грециядагы жетекчи партиялар өлкөнү дефолттон сакташ үчүн керек болгон жардамды алыш үчүн аткарылышы керек болгон реформа боюнча бир канча күндөн бери тил табыша албай жатышкан.

Эгерде Греция жетиштүү финансылык колдоо албай калса, анда мартта өлкө дефолт жарыялаганга мажбур болуп калышы ажеп эмес. Ал жалпы эле еврозонага терс таасир эте турган окуя болот.

XS
SM
MD
LG