Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Президент айрым шаар жана айыл кеңештерин таркатты


Президент Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош жана Чүй облустарынын жергиликтүү кеңештерин таркатуу жөнүндө” жарлыкка кол койду.

Жалал-Абаддын Аксы районундагы Авлетим, Ысык-Көлдөгү Жети-Өгүз районунун Оргочор, Оштогу Алай районунун Будалык, Чүйдүн Аламүдүн районунун Арашан, Ысык-Ата районунун Милянфан айылдык кенештери таркатылды. Ошондой эле Чүйдөгү Кемин районунун Кемин шаарчасынын поселкалык кеңеши жана Балыкчы шаардык кеңеши да таркатылды.

Боршайкомдон “Азаттыкка” билдиришкендей, аталган шаар, айылдардын кеңештери жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын кворум жок болуп эки ирээт шайлай албай коюшкан. Мыйзам боюнча, мындай учурда президент аларды таркатып, жаңы кеңешти шайлап жана ошол кеңешке мэр, айыл өкмөт башчысын шайлоо укугун берет.

Таркатылган кеңештерге депутат шайлоо 25-март, жекшемби күнгө дайындалды. (RK)

XS
SM
MD
LG