Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Ректор болуучуларга талапты күчөтүү сунушталууда


Өкмөт “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга жогорку окуу жайларынын ректорлорун шайлоо усулун өзгөртүү боюнча сунуш киргизүүдө. Ага ылайык, ректорлукка шайлана турган талапкердин сөзсүз түрдө докторлук илимий даражасы менен профессорлук наамы болууга тийиш.

Мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган депутат Каныбек Осмоналиевдин айтымында, эки окуунун жүрүшүндө депутаттар тарабынан берилген сунуштардын басымдуу бөлүгү эске алынды. Ал айрым окуу жайларында ондон ашык проректор дайындалып жаткандыктан, алардын санына чек коюу жоболорун да колго алуу керектигин кошумчалады.

Мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул маалымат парламенттин басма сөз кызматынан алынды. (RK)

XS
SM
MD
LG