Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Баткен: Буркановдун жактоочуларынын пикири эске алынат


"Баткен облусунун мурдагы губернатору Арзыбек Буркановдун Андарак окуясы боюнча күнөөсү жок". Бул тууралу анын 15 адамдан турган жактоочулар тобу билдирип, аны бүгүн Баткен облустук акимчилик алдына чогулган элге жарыялады. Ал маалыматты Андарак окуясын иликтөө боюнча өкмөттүк комиссия карап чыкмакчы болду. Буркановдун талапкерлери "аны кайрадан губернаторлукту койгула" деп талап кылышты. Бирок Бурканов аларга рахматын айткан соң чогулгандар тарап кетишти.

Былтыр декабрда Баткендин Андарак айылында кыргыз жана тажик улутундагы жарандардын ортосунда жаңжал чыгып, өкмөттүк комиссия ага ошол кездеги губернатор Арзыбек Бурканов күнөөлү болгон деген бүтүмүн чыгарган. 1-февралда ал кызматынан алынган. Буркановдун тарапкерлери "комиссия бүтүмүн кайра карап чыксын, Бурканов акталсын" деген талап коюп, 10 күндүк мөөнөт беришкен болчу. (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG