Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:41

Ташиев: Бабановду күрд, түрк, казактар тегеректеп жүргөнүн баары билет


"Мамлекеттик чоң кызматка келген, айрыкча президент, премьердин тегерегиндеги топтор коомубузга зыянын тийгизип келгенин баарыбыз билебиз. Акаевдин маалында Бирнштейн, Левитин жана Бакиевдин маалында Надель, Гуревич, Белоконь деген адамдар айтылып жүрдү. Чоң кызматта олтурбаса да, булар коомубузга өтө чоң зыянын тийгизет. Ал эми бүгүн Бабановдун тегерегинде күрддөр, түрктөр, казактар жүргөнүн эмне, коомубуз билбейби?", - деди бүгүн "Азаттыкка" "Ата Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев.

Кечээ "Де-факто" гезитине Ташиевдин интервьюсу чыккан. Айрым укук коргоочулар, депутаттар жана журналисттер анда Ташиев улут маселесин көтөрдү деп күнөөлөп жатышат.

Ташиевдин айтымында, айрым журналисттер атайылап коомчулуктун көңүлүн башка нукка буруп жатышат, интервьюда ал Бабановдун апасы тууралуу эч нерсе айткан эмес.

"Ата-Журттун" лидери ошондой эле "казак улутундагы Кайсар аттуу жигит бүгүнкү күндө Бабанов жүргүзгөн мамлекеттик финансылык иштерди аткарып, кадрдык иштерге кийлигишип жатат", - деп билдирди. (AzK/RK)

XS
SM
MD
LG