Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:12

Оштогу үч эл аралык өткөрүү пунктуна видеобайкоо коюлат


Бул тууралуу Ош Бажы кызматынын жетекчисинин орун басары Султан Мамасадыков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, мындай каражаттар Араван районундагы “Достук”, Чон-Алайдагы “Эркечтам” өткөрүү пункттарына жана Ош аэропортуна орнотулат.

“Видебайкоо аркылуу Ош бажысынын жетекчиси дайыма өткөрүү пункттарындагы абалды көзөмөлдөп турат. Ушундай эле каражатты келерки жылы кыргыз-тажик чек арасындагы “Карамык” өткөрүү пунктуна да орнотууну пландап жатабыз”,- дейт Мамасадыков.

Видеобайкоо орнотуу 2011-2013-жылдарда Кыргызстан Бажы кызматын өнүктүрүүнүн стратегиясы” долбоорунун алкагында ишке ашып жатат. Мындай каражат буга чейин кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пунктуна орнотулган. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG