Линктер

ишемби, 29-апрель, 2017 Бишкек убактысы 00:37

Сириянын Алеппо шаарында бир нече жарылуудан 25 адам мерт болду


Сыналгылдан Алепподогу жардыруулардан кийинки куткаруу иштерин көрсөтүштү, 10-февраль, 2012

Бул тууралуу өлкөдөгү мамлекеттик телеканал кабарлады. Дагы 175 адам жаракат алганы айтылды. Түндүктөгү бул шаардагы жардыруулар үчүн сыналгы “куралчан террористтик топторду” айыптады.

Оппозициянын маалыматында, бүгүн бул шаарда үч жардыруу болгону жана экөө аскерий базаларга каршы жасалган чабуулдар экени айтылууда.

Сирияда президент Башар Асадга каршы демонстрациялар былтыр мартта башталгандан бери Алепподо абал салыштырмалуу тынч эле болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG