Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:01

Бишкекте террорист деп шектелген киши кармалды


Бишкекте "Жайшул-Махди" террористтик уюмунун мүчөсү деп шектелген Данияр Кадыралиев кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашкандай, Кадыралиев боюнча тинтүү учурунда "Арча Бешик" жаңы конушунда 1 автомат, 6 окчонтой, 312 ок дары жана жасалма жардыргыч табылган.

"Жайшул-Махди" уюмунун бир нече мүчөсү 2010-жылы Бишкектеги спорт сарайдын жанында теракт уюштурган, АКШ жаранын тоногон, Бишкек милициясынын имаратынын жанында жардыруу даярдаган, Октябр райондук милициясынын 3 кызматкерин өлтүргөн деп учурда соттолууда. (RK)

XS
SM
MD
LG