Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:36

Пара алды деген шек менен министрдин орун басары кармалды


Ири суммадагы пара алды деген шек менен саламаттыкты сактоо министринин Н.О. деген орун басары өзүнүн иш бөлмөсүнөн кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирүүдө. Маалыматка ылайык, министрдин орун басары Ысык-Көл облустук стоматологиялык эмкананын башкы дарыгерлик кызматын убада кылып, У.А. деген адамдан 4 миң доллар алган. Мындай арыз менен У.А. 9-февралда тиешелүү органдарга кайрылган.

10-февралда министрдин орун басары мурда алган акчасынын 10 миң сомун кайтарып берип жаткан учурда Башкы прокуратура жана ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG