Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:51

«Аюу» ишканасына кылмыш иши козголду


Бул ишканага жасалма акциздик маркаларды колдонгону үчүн кылмыш иши козголгонун УКМК алдындагы Коррупцияга каршы кызматтын басма сөз кызматынан кабарлашты. Аталган кызмат ишкананын Бишкек шаары менен Чүй облусундагы кампаларын тинтүүгө алган учурда 100 миң даанадан ашык жасалма акциздик маркалар чапталган алкоголдук ичимдиктер табылган. Мындан улам башкы прокуратура ишканага каршы кылмыш ишин козгоп, аны андан ары тергөө үчүн Каржы полициясына өткөрүп берди.

Учурда аталган ишкананын Ош жана Жалал-абад облустарындагы бөлүмдөрүндө оперативдик-тергөө иштери жүрүп жатат.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG