Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:39

Түркмөнстанда президенттик шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 96,28% катышты


Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады. Дүйнөлүк маалымат каражаттары билдиришкендей, шайлоо түрдүү музыкалык ансамблдердин ыр-күүлөрү, тамак-аш жана, керек болсо, белектер менен коштолгон майрамдык маанайда өттү.

Президенттик кызмат үчүн жалпысынан сегиз адам ат салышты. Алардын ичинде азыркы президент Гурбангулы Бердымухаммедов кайрадан жеңээринен эч ким күмөн санабайт.

Добуш берүү кандай жүргөнүнө сырттан КМШнын байкоочулары гана көз салышты. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму ал жакка өзүнүн миссиясын жиберүүдөн баш тарткан.

XS
SM
MD
LG