Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:07

Ооганстанда тик учак кулап, төрт тажик жараны набыт болду


Бул тууралуу “Азаттыкка” Забул провинциясынын губернаторунун орун басары Мухаммаджан Расоляр кабарлады. Анын айтымында, тик учактагы үч эркек жана бир аял НАТОнун күчтөрүнө тамак-аш жеткирген ишканада иштешкен жана Тажикстандын жарандары болушкан. НАТОнун Ооганстандагы күчтөрүнүн расмий өкүлү бул аймакта кечээ эч кандай атышуу болбогонун билдирди. Өткөн жылы Тажикстандын “Памир Эйр” компаниясынын эки учкучу Ооганстанда кырсыкка учурап көз жумган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG