Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:55

Британияда бул ирет "Артист" тасмасы эң көп “Бафта” алды


“Бафта” – бул Британиядагы кино жана телевизиондук искусство академиясынын сыйлыгы. Анда быйыл франциялык кинорежиссер Мишель Хазанавичустун ак-кара лентага тартылган “Артист” деп аталган үнсүз тасмасы “мыкты фильм” деп табылды. Хазанавичус өзү “мыкты режиссер” номинациясында утту. Андан сырткары, фильм сценарий, музыка жана костьюмдардын дизайны үчүн да утушка ээ болду. Ал эми тасмадагы башкы каарманды ойногон Жан Дежарден “мыкты актер” деп таанылды. Жалпысынан “Артист” 12 сыйлыкты алып кетти.

“Жылдын мыкты актрисасы” номинациясында “Темир айым” фильминде Британиянын мурдагы премьер-министри Маргарет Тетчерди ойногон Мэрил Стрип табылды. Башка тилдеги мыкты тасма деп бул ирет испаниялык режиссер Педро Альмадовардын “Менин терим” деген фильмин аташты.

XS
SM
MD
LG