Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:04

Баткенде чек арачы жергиликтүү тургундун огунан каза тапты


Баткенде чек арачы жергиликтүү тургундун огунан каза тапты. Бул тууралуу Баткен облустук акимчилигинен “Азаттыкка” маалымдашты. Мындай учур катталганын чек ара кызматынан да тастыкташты.

Баткендеги №2022 чек ара бөлүгүнө караштуу Самаркандек чек ара заставасынын чек арачылары 12-феврал күнү Тажикстанга көмүр тартып бараткан автоунааны токтоткон учурда айдоочу чек арачылардын буйругуна баш ийбей жолду тосуп койгон. Жергиликтүү тургундардын бири ошол жердеги чек арачынын куралын тартып алып, ыкчам топту баштап келген Канат Дүйшөналиевге карай атып жиберген. Алган жарааттан чек арачы каза болгон. Ок аткан адам кармалды. (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG