Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:42

Бишкекте 13 подстанцияга ашыкча күч келүүдө


Бишкектеги 23 подстанциянын 13ү ашыкча күч келип иштөөдө. Бул тууралуу парламентте энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиев билдирди. Анын айтымында, шаардын электр жабдуусу ондогон жылдардан бери толук жаңыланган эмес. Бул аралыкта Бишкекте 50дөй жаңы конуш пайда болду. Азыркы система мындай жүккө эсептелген эмес. Ошондуктан 13 подстанцияга ашыкча күч келүүдө. "Түндүкэлектр" ишканасынан кабарлашкандай, жазында немис өкмөтүнүн жардамы менен жаңы долбоор ишке аша баштайт. Үч жылдын ичинде шаарды электр энергиясы менен камсыз кылган система жаңыланат. (RK)

XS
SM
MD
LG