Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:46

Ишсиз калган казино кызматкерлери Бабановдун кетишин талап кылышууда


Ушу тапта Бишкекте эки жүздөй киши чогулган нааразылык акциясы өтүүдө. Алар өзүлөрүн "жабылган кумарканалардын кызматкерлерибиз жана ошолордун жакындарыбыз" деп тааныштырууда. Арасында жаштар да, карыя апалар, аксакалдар да бар. Алар премьер-министр Өмүрбек Бабановдун, экономика жана антимонополия саясат министри Темир Сариевдин, каржы министри Акылбек Жапаровдун кызматтан кетишин талап кылышууда. Алгач премьер Бабанов отурган Өкмөт үйүнөн башталган нааразылык акция министрлер Сариев жана Жапаровдун отурган мекеме имараттарынын алдында уланды. Митингчилер кумарканалардын жабылганына байланыштуу ишсиз калгандарга жөлөкпул төлөп берүүнү же башка иш менен камсыз кылууну талап кылышууда. Мындай акциялар жыл башынан бери тынбай өткөрүлүп келүүдө.

Кумарканаларды жабуу боюнча мыйзамды былтыр коомчулук өкүлдөрүнүн көптөгөн кайрылууларынан кийин парламент бир добуштан колдоп кабыл алган. Кийин ага президент кол койгон.

6-февралда премьер-министр Өмүрбек Бабанов кумар оюндарына тийиштүү маселе жөнүндө мыйзамдын аткарылышы зарылдыгын белгилеп: "Мыйзам бардыгыбыз үчүн бирдей жана анын талаптарын аткарышыбыз керек. Республиканын аймагындагы бардык казинолор жабылууга тийиш" деп айткан. (MiT/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG