Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:52

Пакистанда сот премьер-министрге расмий айып такты


Өлкөнүн Жогорку соту премьер-министр Юсуф Риза Гиланиге Жогорку сотту сыйлабаган деп айып койду.

Ал президент Асиф Али Зардариге каршы коррупция боюнча 1990-жылдары козголгон кылмыш ишин кайра ачуудан баш тартканы үчүн күнөөлөнүүдө. Соттун дүйшөмбү күнкү отурумунда айыбы жок экендигин айткан Гилани кокус күнөлүү деп табылса, түрмөгө түшүп, мамлекеттик кызматта иштөө укугунан ажыратылуусу мүмкүн.

Жогорку сот бүгүнкү чечими менен Башкы прокуратурага Гиланиге каршы далилдерди 16-февралга чейин берүүнү тапшырды. Гиланинин адвокаттары да иш боюнча өз документтерин ушул айдын аягына чейин бере алат.

Бул сот иш Пакистан өлкө Сенатына 2-мартка белгиленген парламенттик шайлоого даярданып жаткан кезде болууда. Ал шайлоодо президент менен премьер-министрдин Пакистан элдик партиясы орундардын көбүн алууну көздөөдө. Аталган партиянын маалымат катчысы Камар Заман Кайра бүгүн журналисттерге буларды айтты:

- Премьер-министр деген премьер-министр. Кудайдын жардамы менен ал ушундай эле бойдон калат. Бирок бүгүн биздин жүрөгүбүз ооруп турат. Биз абдан кооптуу кырдаалда турабыз. Пакистандын премьер-министрине биринчи ирет айып тагылды. Бул - Пакистандын тарыхындагы кайгылуу күн.

Премьер-министр Гиланинин пикиринде, ага коюлган айыптын саясий жүйөөсү бар. Анткени президент Зардари мамлекет башчысы катары кол тийбестик макамына ээ. (UE)

XS
SM
MD
LG