Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:40

Жалал-Абадда он орундуу убактылуу түнөө жай ачылды


Түнөө жай көчөдө калган адамдарга кышкысын баш калка болуп туруусу үчүн убактылуу ачылганын Жалал-Абад шаар мэринин орун басары Гүлзат Алимбаева билдирди. Он орундуу түнөө жайга эки дарыгер бекитилген. Шаардын “Кайрымдуулук” борбору аркылуу күндө бир жолу 87 адамга жылуу тамак берилет.

Көчөдө калган адамдар түнөөканада эски төшөнчү-шейшептерден башка жуунуучу жана тамак ичеер жай жок, терезеси жылууланбаганын, имараты эски, оңдолбогон бойдон тургандыгын билдиришти. Алардын белгилешинче, ишемби жана жекшемби күндөрү тамак берилбегендиктен ачка калгандар болот. Үй-жайсыз адамдардын укугун коргоочу “ Либра” уюму көчөдө калган 36 адамды каттаган. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG