Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:56

Н.Пиллай Сириянын режимин "адамгерчиликке каршы кылмыш үчүн" айыптады


Нави Пиллай
Нави Пиллай
Дүйшөмбүдө Улуттар уюмунун Башкы Ассамблеясында сүйлөгөе сөзүндө БУУнун Адам укуктары боюнча мекемесинин башчысы Нави Пиллай сириялык жетекчилик соттолушу керек деп белгиледи. Ал “Сириянын коопсуздук күчтөрү Хомс шаарында элди туш келди атып жатканы тууралуу ишенимдүү булактардан маалымат алганын” кошумчалады.

"Мен ушул олуттуу зордук-зобундарга аябай кейип турам, - деди Пиллай. - Азыр улантылып жаткан ташбоор репрессия менен улам күчөгөн нааразылык Сирияда жарандык согушка алып келет деп кабатырланып турам".

Жекшембиде Арап лигасы Сирияда 11 айдан бери уланып жаткан кызыл кыргынды токтотуш үчүн ал жакка Бириккен улуттар уюму менен биргелешкен тынчтыкты орнотуу күчтөрүн жиберүүнү сунуштаган.

XS
SM
MD
LG