Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:50

Эшбаевдин өлүмү боюнча иш акыйкатчынын көзөмөлүнө алынды


Акыйкатчы Турсунбек Акун тергөө абагында каза болгон Бишкек милициясынын жол коопсуздугу башкармалыгынын кызматкери Айбек Эшбаевдин өлүмү боюнча ишти өз көзөмөлүнө алды. Ага Эшбаевдин жакындары жардам сурап кайрылышкан. 46 жаштагы Эшбаев пара алды деген шек менен кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камалган. 13-февралда таңга жуук асынып өлгөнү айтылган. Бирок жакындары ал өзүн өзү өлтүрдү дегенге ишенбей, ишти калыс тергөөнү талап кылышууда, себеби анын денесинде көк ала, кандын тактары бар экени аныкталган. (RK)

XS
SM
MD
LG