Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:36

Ош: Мектеп окуучулары түрмөнү көрүп чыгышты


Ошто мектеп окуучуларына түрмөнү көрсөтүштү. Бул иш-чараны шаардык билим берүү жана шаардык ички иштер башкармалыктары биргеликте уюштурушкан. Шаардык милициянын басма сөз катчысы Замир Сыдыков “Азаттыкка” билдиргендей, 7-11-класстардын 84 окуучусу №25 жаза аткаруу мекемесинде болду.

“Иш-чаранын негизги максаты - камалып жаткан адамдардын абалы менен тааныштырып, өспүрүмдөрдү жаштайынан кылмыштуулукка барбоого үйрөтүү болуп саналат”,- дейт Сыдыков.

Окуучулдарга камактагылардын жуунуучу, тамактануучу жайларын көргөзүштү. Ошондой эле камакта отурган өздөрү теңдүү балдардын эмне себептен ал жерге келип калышканын айтып беришти. Окуучуларга камакта отургандар менен сүйлөшүүгө урукса берилген жок. Аларды мугалимдер жана ШИИБнын кызматкерлери коштоп жүрүштү.

Мындай иш-чара Ошто 3 жыл мурун да уюштурулган. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG