Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:54

Бакай-Атадагы аким шайлоо чыры бүгүн да уланды


Бүгүн Таластын Бакай-Ата районунда аким шайлоонун чыры дагы уланды. Мурдагы райаким Мурат Жунусовдун тарапкерлери алгач облустук администрациянын алдына, андан кийин райондун борборуна барып, нааразылык акциясын улантышты. Ошол эле жерге жаңы шайланган аким Урмат Тынысовдун тарапкерлери да чогулушту. Эки тараптын өкүлдөрүнүн жалпы саны жүздөй киши болду.

Жакында райондук кеңештин депутаттары жаңы акимди шайлашкан. Бирок мурдагысынан кабинеттин ачкычын ала албай коюшуп, кулпусун сындырып киришкен.

Бүгүн акимчиликке облус губернатору Койсун Курманалиева өзү барды. Жыйындар залына чогулган эки тараптын өкүлдөрүнүн ортосунда кайым айтышуу болду. Губернатор менен жолуккандан кийин жаңы аким Тынысов элге кайрылып, аны шайлоо мыйзамдуу өткөнүн, тынч иштөөгө мүмкүнчүлүк берүүсүн өтүндү. Ал эми Жунусов аким шайлоо таза эмес өткөнүн, муну териштирүү үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарынан турган комиссия түзүү керектигин айтты. Комиссия эки күндүн ичинде жыйынтык чыгарбаса, "эл курултай өткөрүп, акимди өзү шайлап алаарын" билдирди. (MbA/RK)

XS
SM
MD
LG