Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Эшбаевдин жакындары анын асынып өлгөнүнө ишенбей жатышат


Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында өз жанына кол салды делген милиция кызматкери Айбек Эшбаевдин өлүмү боюнча кылмыш иш козголду. Башкы прокуратура бул окуяга тергөө абагынын кызматкерлеринин шалаакылыгы себеп болгонун билдирүүдө. Ал эми маркумдун жакындары табышмактуу өлүм боюнча күмөн суроолору көп экенин айтышууда.

Айбек Эшбаевдин балдызы Жыпаргүл Кожомжарова бүгүнкү маалымат жыйынында күмөн суроолорун ортого салды:

- 13-февралда таңкы беште каза болду деп жатышат. Бизге кечки беште көрсөтүштү. Кармасак, сөөк жылуу экен. Эмне үчүн 12 саат бою же бизге бербей, же бизди киргизбей ал жерде кармап олтурушат?

Акча талап кылган деген айып менен УКМКнын тергөө абагына камалган 46 жаштагы Айбек Эшбаев 13-февралда асынып өлгөнү кабарланган. (KKs/RK)

XS
SM
MD
LG