Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:05

Камакта каза болгон Эшбаевдин туугандары Ош - Баткен жолун тосушту


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында асынып өлдү делген милиция кызматкери Айбек Эшбаевдин жакындары ушу тапта Ош - Баткен унаа жолун тосуп турушат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Баткен облустук мамлекеттик администрациясынан маалымдашты. Кадамжай районунун Пүлгөн шаарчасында жол тоскондордун саны эки жүздөй киши. Алар УКМКнын тергөө абагынын кызматкерлерин жоопко тартууну талап кылышууда.

46 жаштагы Эшбаев акча талап кылды деген шек менен кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камалган. 13-февралда таңга жуук асынып өлгөнү айтылган. Бирок жакындары ал өзүн өзү өлтүрдү дегенге ишенбей, ишти калыс тергөөнү талап кылышууда, себеби анын денесинде көк ала, кандын тактары бар экени аныкталган. (JsA/RK)

XS
SM
MD
LG