Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:37

"Эхо Москвы" үналгысынын жетекчилиги алмашат


"Эхо Москвы" үналгысынын журналисттери негизги акционер "Газпром-Медианын" талаптары адилетсиз деп билдиришти. Ишкана директорлор кеңешинин жана көз карандысыз директорлордун мөөнөтүнөн мурда отставкага кетишин талап кылган. “Эхо Москвынын” жамааты директорлорду алмаштыруу демилгеси өлкө жетекчилигинин радионун дарегине айтылган сыны менен байланыштуу болушу мүмкүн деп эсептейт.

Орусиялык журналисттер, укук коргоочулар жана оппозициялык саясатчылар радионун жетекчилигиндеги өзгөрүүлөр эркин маалымат каражаттарын көзөмөлдөөнү көздөйт деп ырасташат.

"Газпром-Медиа" "Эхо Москвы" үналгысынын 66 процент акцияларына ээлик кылат. Калган 34 процент жамааттын колунда. Радиостанция биринчи жолу эфирге 1990-жылдын августунда чыккан.

XS
SM
MD
LG