Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:21

Кечээ Сирияда коопсуздук күчтөрү дагы 19 адамды өлтүрүштү


Өлгөндөрдүн көбү бир нече күндөн бери өкмөттүк аскерлердин аткылоосуна кабылган Хомс шаарынын жайкын тургундары экенин баш-кеңсеси Лондондо жайгашкан Адам укуктарын коргоо уюмунан билдиришти. Аскерлер бул шаарда каршылык көрсөткөн оппозицияны басыш үчүн 10 күндөн бери шаарды аткылап жатышат. Жүздөгөн адамдар өлгөнү кабарланууда.

Дүйшөмбүдө Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча мекемесинин башчысы Нави Пиллай Сириянын жетекчилигин адамгерчиликке каршы кылмыш үчүн соттолушу зарыл деп билдирген. Өлкөнүн президенти Башар ал-Асад бул айыптоону четке какты.

Бул мамлекетте президенттин кызматтан кетишин талап кылган толкунду бийликтер күч менен баса баштагандан бери 6000 ашуун адам өлдү. Нааразылыктар былтыр мартта башталган эле.

XS
SM
MD
LG