Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:57

Бахрейнде массалык демонстрация күч менен таркатылды


Полиция өлкөнүн борбору Манамада жалпы элдик нааразылыктын бир жылдыгына карата өткөрүлүшү пландалган үлкөн демонстрацияны күч менен таркатты. Чогулган элге көздөн жаш чыгарчу газ колдонулган. Оппозициянын тарапкерлери борбордук аянтка чогулушмак. Бирок борборго аскерлер жайгаштырылып, шийилер отурукташкан райондор менен борбор калааны бириктирген жолдор жабылган. Былтыр массалык нааразылыкка негизинен шийилер катышкан болчу. Бир нече аптага созулган нааразылыкты бийликтер күч менен басышкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG