Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:43

Уулуу көмүрдүн бир миң тоннасы Казакстанга жөнөтүлдү


Бүгүнкү күнгө карата Бишкек ТЭЦинде жаткан радиациялуу көмүрдүн бир миң тоннасы кайра Казакстанга жөнөтүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун билдиргенине караганда, дагы 336 тонна көмүр беш вагонго жүктөлүп, жөнөтүүгө даяр турат.

Казакстандын Кулан кенинен былтыр Чүй облусуна ташылып келген 1 миң тоннага жакын көмүрдүн радиациялык фону нормадан бир топ ашаары аныкталган. Кийин уулуу көмүрдүн баары Бишкек ТЭЦине ташылып келип, ал жерде жаткан 8,5 тонна уу көмүр менен кошо кайра Казакстанга жөнөтүлүп жатат. Бишкек ТЭЦине келген көмүр жагылган эмес, ал эми Чүйгө тараган көмүрдүн айрым бир бөлүгү жагылганы аныкталган. (RK)

XS
SM
MD
LG