Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:28

Маркум Эшбаевдин кесиптештери митингге чыгышты


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында асынып өлдү делген милиционер Айбек Эшбаевдин жүзгө жакын кесиптеши бүгүн УКМКнын алдында митинг өткөрүп, тарап кетишти. Алар Эшбаевдин өлүмү тыкыр иликтенүүсүн талап кылышты.

46 жаштагы Эшбаев акча талап кылды деген шек менен кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына камалган. Ал Бишкек милициясынын жол коопсуздугу башкармалыгында иштечү. 13-февралда таңга жуук асынып өлгөнү айтылган. Бирок жакындары ал өзүн өзү өлтүрдү дегенге ишенбей, ишти калыс тергөөнү талап кылышууда, себеби анын денесинде көк ала, кандын тактары бар экени аныкталган. (RK)

XS
SM
MD
LG