Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Акенеев: Бензин баасы 10-15 сомго өсүшү мүмкүн


Орусиядан ташылып келген күйүүчү-майлоочу май маселеси тез арада чечилбесе, Кыргызстанда кара май баасы 10-15 сомго кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу "Азаттыкка" Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Жумакадыр Акенеев билдирди. Анын айтымында, буга чейин Орусиянын "Газпром нефть Азиядан" башка заводдорунан кара майды дилерлер алып чыгып, Казакстандын чек арасынан кыргызстандык нефтетрейдерлерге өткөрүп кетишчү. Андан кийин Казакстан аркылуу өлкөгө киргизүү жана башка төлөмдөрдү жергиликтүү мунай ташуучулар төлөп, тиешелүү баасын коюп, сатышчу. Эми Бажы кодексине толуктоолор киргизилип, бажы төлөмдөрүн кара майды Орусиядан алып чыккан дилерлер төлөсүн деген талап коюлууда. Эгер импорттук пошлина түрүндөгү бул төлөмдү жергиликтүү мунай ташуучулар төлөй турган болсо, баалар 10-15 сомго өсүшү мүмкүн. Мындайга жол бербеш үчүн Нефтетрейдерлер ассоциациясы Бажы кызматына тиешелүү кат жолдоду. (RK)

XS
SM
MD
LG