Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:30

Мамлекетти түптөгөн ишмерлердин балдарына жардам боюнча токтом даярдалууда


Жогорку Кеңеште "Кыргызстанды түптөгөн саясый ишмерлердин үй-бүлөлөрүнө материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтом даярдалууда. 14-февралда бул токтом парламенттин социалдык саясат комитетинде талкууланды. Депутат Каныбек Иманалиев кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн жана өнүктүргөн улуу инсандар Абдыкерим Сыдыков, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеев, Жусуп Абдрахманов, Иманалы Айдарбеков жана Исхак Раззаковдун азыр улгайган жашка келген балдарына жыл сайын 30 миң сомдон берүү сунушталып жатканын айтты. Бирок айрым депутаттар бул акча аздык кылаарын билдирип, 50 миңден берүү керек деп сунушташты. Эртең аталган токтом жалпы жыйында талкууланаарын "Азаттыкка" Жогорку Кеңештин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG