Линктер

жума, 31-март, 2017 Бишкек убактысы 07:00

Болот Отунбаев Германияга элчи болуп дайындалды


Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын иниси Болот Отунбаев Германияга элчи болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев кол койду. Болот Отунбаев 46 жашта. Москва мамлекеттик университетин, Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын бүтүргөн. Дипломатиялык кызматы 1998-жылы Орусия элчилигинде башталган. Социал-демократтар партиясынын республикалык штабын жетектеген. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG