Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:57

Бишкекте ооган согушунда курман болгондорду эскеришти


Бүгүн Бишкектеги Ата Түрк паркында ооган согушунан кайтпай калгандарды эскерүү митинги өттү. Бул паркта ооган согушунда набыт болгондорго арналган эстелик бар. Бүгүн Ооганстандан советтик аскерлердин чыккан күнүнүн 23 жылдыгы белгиленүүдө. Буга байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев ооган согушунун ардагерлерине куттуктоо катын жолдоду.

Расмий маалымат боюнча, Ооганстандагы согушка 7141 кыргызстандык жоокер катышкан. 300дөн ашууну курман болгон, төртөө дайынсыз жоголгон, 1500 жоокер жараат алган.

Советтик аскерлердин чектелген контингентинин курамындагы 60тан ашуун адам Советтер Союзунун Баатыры наамына татыган. Алардын арасында кыргызстандык Юрий Исламов менен Сергей Гущин да бар. (RK)

XS
SM
MD
LG