Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:53

Кан куюудагы коопсуздук чаралары жакшыртылат


Бишкекте бүгүн кан куюудагы коопсуздук маселелери боюнча талкуу өтөт. Саламатттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, быйылтан тарта ВИЧ/СПИДдин алдын алуу үчүн кан куюудагы коопсуздукту жакшыртуу боюнча эки жылдык программа ишке кирүүдө.

Программаны негизинен Германия каржылап жатат жана бул үчүн немис өкмөтү төрт миллион евро берди. Ал эми кыргыз өкмөтү 1,6 миллион евро кошту. Анын алкагында кан куюучу жаңы заманбап жабдуулар алынат. Кан алуу боюнча жер-жерлерде мобилдүү бекеттер ачылмакчы. (EBM)

XS
SM
MD
LG