Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:20

Бажы кызматы күйүүчү май боюнча абалды талкуулайт


“Азаттыкка” маалым болгондой, бүгүн Бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбек Кулматов Кыргызстан нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Жумакадыр Акенеев менен жолугуп, күйүүчү майга байланыштуу кырдаалды талкуулайт.

Акенеев 15-февралда Кыргызстандын Бажы кодексине киргизилген толуктоолорго ылайык күйүүчү майдын баасы 10-15 сомго көтөрүлүшү ыктымал экенин билдирген.

Анын айтымында, буга чейин Орусиянын "Газпром нефть Азиядан" башка заводдорунан кара майды дилерлер алып чыгып, Казакстандын чек арасынан кыргызстандык нефтетрейдерлерге өткөрүп кетишчү. Андан кийин Казакстан аркылуу өлкөгө киргизүү жана башка төлөмдөрдү жергиликтүү мунай ташуучулар төлөп, тиешелүү баасын коюп, сатышчу. Эми Бажы кодексине кирген толуктоолордон улам бажы төлөмдөрүн кара майды Орусиядан алып чыккан дилерлер төлөсүн деген талап коюлууда. Эгер импорттук бул кошумча төлөмдү жергиликтүү мунай ташуучулар төлөй турган болсо, баалар 10-15 сомго өсүшү мүмкүн. Мындайга жол бербеш үчүн Нефтетрейдерлер ассоциациясы Бажы кызматына тиешелүү кат жолдогон болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG