Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

Күч түзүмдөрүндөгү абалды парламентте талкуулоо сунушталды


"Ата Журт" фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн ички мамилесин парламентте талкуулоо сунушун айтууда. Депутат жакында Баткенде чек арачынын, Аскердик институттагы курсанттын жана Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагындагы милиционердин өлүмүнө байланыштуу абалды "күч түзүмдөрүндөгү башаламандык, дал келишпестик" деп атады. Бул маселени парламенттин жалпы жыйынына тез арада алып чыгыш керектигин айтты. Расмий маалыматтар боюнча, жогоруда аталган ар бир окуя боюнча учурда атайын иликтөөлөр жүрүп жатат.(RK)

XS
SM
MD
LG