Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:06

Атамбаев июн окуясынын күнөөкөрлөрүн табууга убада берди


Президент Алмазбек Атамбаев 2010-жылдын июнундагы каргашалуу окуянын күнөөкөрлөрүн таап, жазалоого убада берди. Бул тууралуу ал бүгүн Ошто июн окуясында жабыркагандарга үй берүү салтанатында айтты. Атамбаев үч үйдүн ачылышына катышты. 60 батирлүү эки үй күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине, 75 батирлүү бир үй коогада жабыркагандарга берилди. Июн окуясында 400дөн ашык киши набыт болуп, миңдеген адамдар үй-жайсыз калышкан.

Ушу тапта мамлекет башчысы "Ош шейиттери" уюмунун мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрүп жатат. Ага журналисттерди киргизишкен жок.

Түштөн кийин Алмазбек Атамбаев Ош мамлекеттик университетине барат деп күтүлүүдө.

Атамбаев өткөн жылы 1-декабрда президенттик кызматка киришкен. Ошондон бери ал биринчи жолу өлкө ичине иш сапар менен чыкты. (ErN/RK)

XS
SM
MD
LG