Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:03

Суталиновду тергөө абагында кармоо 15-мартка чейин узартылды


Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими боюнча, УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновду тергөө абагында кармоо 15-мартка чейин узарды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. Суталиновдун адвокаттары райсоттун бул чечимине макул эместигин айтып, шаардык сотко арызданышты.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов кыргыз-казак мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз өткөн деп айыпталууда.

Мындан тышкары, Суталинов 2010-жылдын апрел окуясынын күнөөкөрү катары да соттолууда. Ал иш боюнча Суталинов издөөдө жүрүп, кийин өзү келгенде алгач камакка алынган. Бирок ошол эле күнү адвокатынын өтүнүчү менен үй камагына чыгарылган болчу. Чек араны мыйзам бузуп өттү деген айып ага кийин тагылды. (RK)

XS
SM
MD
LG