Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:04

Сүлүктү шаарында кенчи газга ууланып каза тапты


Баткендин Сүлүктүсүндөгү “Узун-Сай” шахтасында Дилмурат Расулов аттуу кенчи жер астынан чыккан газга ууланып каза тапты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун билдиргенине караганда, окуя бүгүн күндүзгү саат он жарымда болгон. Беш куткаруучу сөөктү тиешелүү каражаттардын жардамы менен жер астынан чыгарып, ички иштер жана медицина кызматкерлерине өткөрүп беришти. Дилмурат Расулов 1972-жылы Лейлек районунун Сумбула айылдык округуна караштуу Андарак айылында туулган. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG