Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:40

Күйүүчү май күйүтү


“Газпром нефть Азиянын” Бишкектеги май куючу жайларынын бири.
“Газпром нефть Азиянын” Бишкектеги май куючу жайларынын бири.

Нефтетрейдерлер ассоциациясы кара майдын чек арадан өтүү жол-жобосун Бажы кызматы татаалдаштырып салгандан улам күйүүчү май кымбаттаганы жатканын билдирүүдө.

Аталган мекеме болсо карамай ташыган ортомчу ишканаларга тыюу салууну гана көздөрүн жооп кылды. Күйүүчү майдын күңгөй тескейи 16-февралда парламентте талкууга алынды. Кыргызстанга күйүүчү май Орусиядан ташылса, анын негизги бөлүгү "Газпром" компаниясынын үлүшүнө туура келет.

Кара май баасы кымбатташы мүмкүн

Нефтетрейдерлер ассоциациясы Бажы кодексине киргизилген толуктоолордон улам Кыргызстанга күйүүчү май алып келүү кыйындаганын билдирүүдө. Натыйжада жаз алды менен кара майдын көлөмү азайып, баасы кескин өсөт деп коңгуроо кагууда.

Ассоциация жетекчиси Жумакадыр Акенеев билдиришинче, азыр орус-кыргыз өкмөттөрү биргелешип түзгөн “Газпром нефть Азия” ишканасынан башка майда ишканалар май ташууга чамасы жетпей калды:

- “Газпром нефть Азия” мурункудай эле алып келип жатат. Бирок анын болгону 109 эле май куючу жайы бар. Калган 520дай май бекеттери жергиликтүү орто, майда нефтрейдерлерге тиешелүү. Эми “Газпром нефть Азия” майды алып келип, жакшы баа менен сатышы мүмкүн. Анда башка бекеттерде май тартыш болот.

Жумакадыр Акенеев билдиргендей, буга чейин Кыргызстандагы майда компанияларга орусиялык дилерлер май ташып келип берчү. Ортомчулар күйүүчү майды кыргыз-казак чек арасына чейин алып келип, кыргызстандык ишкана майды бажы постунан өзү өткөрүп алчу.

Эми Бажы кодексине киргизилген өзгөрүүлөр 25-январдан тарта күчүнө кирип, орусиялык дилерлер кара майды өздөрү чек арадан өткөрүп, бажы салыктарын өздөрү төлөшү керек деген талап коюлууда. Эгер кыргызстандык ишкана майды өзү алып келем десе импорттук салыкты төлөөгө милдеттендирилип жатат.

Бирок Бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбек Кулматов бул аракеттер ортомчу фирмаларга бөгөт коюп, майдын баасын түшүрүүнү гана көздөйт деген ойдо:

- Бул жерде маселе башка өлкөнүн аймагында туруп, эч кандай салык төлөбөгөн ортомчу компаниялар жөнүндө болуп жатат. Булар мурдагы оффшордук компаниялар. Биз аларды иштен чыгарып жатабыз. Натыйжада күйүүчү майды ташып келүү аракети Кыргызстанда майды алган адам менен жөнөткөн адамдын ортосунда гана жүрүшү керек. Орусия менен түздөн-түз келишими бар кыргызстандык ишкана өзү келип, күйүүчү майды өз баасында бажыканадан өткөрүшүн талап кылып жатабыз.

Орусиябы же ортомчуларбы?

Орусиянын өкмөт башчысы Путин күйүүчү майга бажы төлөмдөрүн алып коюп, бизге жеңил болуп калды. Мына жакында биздин жетекчилер Москвага барганы жатат. Ал жакта орус жетекчилиги “ортомчуларды көбөйтүп жатасыңар, биз силерге сатпайбыз” деп, бажы салыгын көтөрүп коюп, дагы ит болуп калбайбы?

Күйүүчү май маселеси парламентте катуу талкууга туш болду. Нефтетрейдерлер ассоциациясы жаңы тартипти убактылуу токтото туруу демилгесин көтөрдү. Депутаттардын бир тарабы аталган ассоциацияны колдоп, ортомчу компаниялар азайса, монополист ишканалар пайда болоорун белгилешти.

Алардын бири депутат Исхак Пирматов болду:

- Майда компаниялар эмне себептен түздөн-түз алып келбейт деп айтылып жатат. Алар алып келе албайт. Эки дүйнөдө алар алып келе албайт. Себеби Орусиядагы бир дагы ири завод майда ишканаларга миң тонна, эки миң тоннадан күйүүчү майды таркатпайт. Эми монополияга каршы мыйзам бузулушу мүмкүн. Бизде бир-эки гана монополисттер калат. Калгандарынын бардыгы өзүнүн ишин токтотконго мажбур болот.

Ал эми депутат Токон Мамытов Бажы кызматынын аракетин туура деп баалап, ортомчу компаниялардын ишине бөгөт коюу зарылчылыгын белгиледи:

- Орусиянын өкмөт башчысы Путин күйүүчү майга бажы төлөмдөрүн алып коюп, бизге жеңил болуп калды. Мына жакында биздин жетекчилер Москвага барганы жатат. Ал жакта орус жетекчилиги “ортомчуларды көбөйтүп жатасыңар, биз силерге сатпайбыз” деп, бажы салыгын көтөрүп коюп, дагы ит болуп калбайбы? Мен ошону үчүн Бажы кызматын колдоп жатам да.

Депутаттар былтыр ноябрь айында Бажы кодексине киргизилген толуктоолордун маңызы тууралуу түшүндүрмө бере алышкан жок. Мындан улам айрымдары кодексти чечмелөө зарылдыгын белгилешти. Соңунда Бажы кодекси жөнүндө мыйзамдын аткарылышын тактоо тапшырмасы кыргыз өкмөтүнө жөнөтүлдү.

XS
SM
MD
LG