Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:49

MegaCom жетекчисинин арызы каралат


Бүгүн Бишкек шаардык соту MegaCom уюлдук компаниясынын жетекчиси Азамат Мурзалиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызды карайт. Бул тууралуу Мурзалиевдин адвокаты кабарлады.

Шаардык сот 15-февралда Мурзалиевдин кеңешчиси Алмаз Абековдун ушундай арызын карап, бирок райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган болчу.

1-февралда Биринчи Май райондук соту Азамат Мурзалиевди, Алмаз Абековду жана "Новострой сервис" уюмунун жетекчиси Кенжебек Аман уулун 31-мартка чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагында кармоо тууралуу чечим чыгарган. Алар мамлекетке 142 миллион сомдон ашык зыян келтирген коррупциялык схеманы түзгөн деген шек менен кармалган. Азырынча иш сотко өтө элек, тергөө уланууда. (EBM)

XS
SM
MD
LG