Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:37

Түркмөнстанда кайрадан шайланган президент бүгүн ант берет


Гурбангулы Бердымухаммедовдун экинчи президенттик мөөнөтүн расмий баштоо үчүн бүгүн инаугурация өтүүдө. Бердымухаммедов, өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлагандай, өткөн аптада сегиз талапкердин ичинде алдыга чыгып, шайлоочулардын 97,14% топтой алган. Инаугурация 3000 адамга ылайык орун менен жаңы курулган Конгресс имаратында өтүп жатат.
Бердымухаммедов алгачкы жолу президенттикке 2007-жылы февралда шайланган. Өткөн аптадагы шайлоодо да ага дурус атаандаш чыккан жок. Башка талапкерлер Түркмөнстанда калың элге аты анча белгисиз адамдар болчу.

XS
SM
MD
LG